АКИpress - Кыргызстандык спортчу Жакшылык Байташов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалдын ээси болду.
Ал 79 кг чейинки салмак категориясында катышып, таймашты 1/8 финалдан баштаган.
Турнирдеги алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Индиянын спортчусуна утулган, бирок жубатуучу раундда коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Байташов Иорданиянын балбанын жеңип, ал эми чечүүчү 3-орун үчүн болгон беттеште Тажикстандын өкүлүн утуп, коло медаль тагынды.