21:54, 12-апрель, 2026

Абдумалик Карачов Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду

На русском
13:44, 12-апрель, 2026 273

АКИpress - Кыргызстандык балбан Абдумалик Карачов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду.

Ал 57 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Турнирдин алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Тажикстандын өкүлүн жеңген, бирок финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Моңголиянын балбанына утулду. 11-апрелде Карачов үчүнчү орун үчүн Кореянын спортчусуна каршы килемге чыкмак, бирок атаандашы чыкпай калгандыгына байланыштуу жеңиш Карачовго берилди.

Жыйынтыгында кыргызстандык балбан күрөшсүз эле 3-орунду ээлеп, коло медалды тагынды.

Беттештер:

1/4 финал: Айаал Белолюбский (Тажикстан) — Абдумалик Карачов — 4:8

Жарым финал: Мункх Эрдэнэ Батхуяг (Моңголия) — Абдумалик Карачов — 4:1

Коло үчүн беттеш: Сонгвон Ким (Корея) — Абдумалик Карачов — Карачовдун жеңиши (атаандашы келбегени үчүн).

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»