15:01, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (248 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (215 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (140 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
10:31, 13-апрель, 2026 (25 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Абдумалик Карачов Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду

На русском
13:44, 12-апрель, 2026 336

АКИpress - Кыргызстандык балбан Абдумалик Карачов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду.

Ал 57 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Турнирдин алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Тажикстандын өкүлүн жеңген, бирок финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Моңголиянын балбанына утулду. 11-апрелде Карачов үчүнчү орун үчүн Кореянын спортчусуна каршы килемге чыкмак, бирок атаандашы чыкпай калгандыгына байланыштуу жеңиш Карачовго берилди.

Жыйынтыгында кыргызстандык балбан күрөшсүз эле 3-орунду ээлеп, коло медалды тагынды.

Беттештер:

1/4 финал: Айаал Белолюбский (Тажикстан) — Абдумалик Карачов — 4:8

Жарым финал: Мункх Эрдэнэ Батхуяг (Моңголия) — Абдумалик Карачов — 4:1

Коло үчүн беттеш: Сонгвон Ким (Корея) — Абдумалик Карачов — Карачовдун жеңиши (атаандашы келбегени үчүн).

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»