АКИpress - Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу 12-апрелден 14-апрелге чейин кар көчкү түшүүсү жана жолдор тайгак болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү күтүлүшү мүмкүн:
- Бишкек—Ош (121–138-чакырымдар, Төө-Ашуу ашуусу; 198–250-чакырымдар, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад (326–349-чакырымдар, Көк-Арт ашуусу).
Кооптуу тилкелерден өтүүдө айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метрден кем эмес аралыкты так сактоо сунушталат.