01:38, 13-апрель, 2026

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

На русском
13:30, 12-апрель, 2026 365

АКИpress - Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу 12-апрелден 14-апрелге чейин кар көчкү түшүүсү жана жолдор тайгак болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү күтүлүшү мүмкүн:

  • Бишкек—Ош (121–138-чакырымдар, Төө-Ашуу ашуусу; 198–250-чакырымдар, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад (326–349-чакырымдар, Көк-Арт ашуусу).

Кооптуу тилкелерден өтүүдө айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метрден кем эмес аралыкты так сактоо сунушталат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»