АКИpress - Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн дүйнөлүк рейтингинде 4-орунга чыкты.
Жаңыланган рейтинг Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлдү.
Кыргызстандык спортчу 67 кг чейинки салмак категориясында катышып, алтын медаль уткан. Бул жеңиши үчүн ал 10 000 упай алып, 4-орунга көтөрүлдү.
Буга чейин Бейшекеев рейтингде 7-орунда турган болчу.