20:38, 12-апрель, 2026

Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында коло медаль утту

На русском
10:02, 12-апрель, 2026 324

АКИpress - Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду.

Ал 70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Турнирдеги алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону, жапониялык Таиси Нарукини 12:9 эсебинде жеңип, бирок жарым финалда Индиянын өкүлү Абиманьюга 3:6 эсебинде утулду. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кытайлык балбанды 14:7 эсебинде утуп, коло медалга ээ болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»