АКИpress - Кыргызстандык балбан Афтандил Таалайбек уулу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 10-орунга көтөрүлдү.
7-апрелде Бишкекте өткөн Азия чемпионатында ал 63 кг чейинки салмак категориясында алтын медаль жеңген. Чемпиондук наам жана алтын медалдан тышкары Таалайбек уулуна 10 000 рейтингдик упай берилди. Бул упайлар ага дүйнөнүн эң мыкты 10 балбанынын катарына кирүүгө мүмкүндүк берди.