АКИpress - Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Бишкекте өткөн Азия чемпионатына катышты. Кыз-келиндер арасындагы таймаштар 8-10-апрель күндөрү өттү.
Турнирде жалпы 10 алтын медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 9 спортчу күч сынашты. Жыйынтыгында кыргызстандык кыз-келиндер 4 медаль утушту. Дагы үч спортчу коло медаль үчүн күрөштү, бирок жеңилип, 5-орунга ээ болушту.
Жыйынтыктар:
53 кг чейин: 5-орун — Азиза Келдибекова
55 кг чейин: 5-орун — Арууке Кадырбек кызы
57 кг чейин: 8-орун — Таңчолпон Кыбалбекова
59 кг чейин: 5-орун — Сезим Жуманазарова
62 кг чейин: 9-орун — Дилназ Сазанова
65 кг чейин: 3-орун (коло) — Гүлнура Таштанбекова
68 кг чейин: 1-орун (алтын) — Мээрим Жуманазарова
72 кг чейин: 3-орун (коло) — Нурзат Нуртаева
76 кг чейин: 2-орун (күмүш) — Айпери Медет кызы.