14:19, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (375 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (323 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (195 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
10:31, 13-апрель, 2026 (32 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Кыргызстандын балбан кыздары Бишкектеги Азия чемпионатында 4 медаль утту

На русском
09:51, 12-апрель, 2026 645

АКИpress - Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Бишкекте өткөн Азия чемпионатына катышты. Кыз-келиндер арасындагы таймаштар 8-10-апрель күндөрү өттү.

Турнирде жалпы 10 алтын  медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 9 спортчу күч сынашты. Жыйынтыгында кыргызстандык кыз-келиндер 4 медаль утушту. Дагы үч спортчу коло медаль үчүн күрөштү, бирок жеңилип, 5-орунга ээ болушту.

Жыйынтыктар:

53 кг чейин: 5-орун — Азиза Келдибекова

55 кг чейин: 5-орун — Арууке Кадырбек кызы

57 кг чейин: 8-орун — Таңчолпон Кыбалбекова

59 кг чейин: 5-орун — Сезим Жуманазарова

62 кг чейин: 9-орун — Дилназ Сазанова

65 кг чейин: 3-орун (коло) — Гүлнура Таштанбекова

68 кг чейин: 1-орун (алтын) — Мээрим Жуманазарова

72 кг чейин: 3-орун (коло) — Нурзат Нуртаева

76 кг чейин: 2-орун (күмүш) — Айпери Медет кызы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»