АКИpress - Бүгүн, 11-апрелде хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Болгарияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кезектеги беттешин өткөрөт.
Экинчи дивизиондун («В» тайпасы) турнири София шаарында алты команданын катышуусунда өтүүдө.
11-апрелде Кыргызстандын курамасы Израилдин командасы менен беттешет, оюн саат 16:00дө башталат.
Үч турдун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын курамасында 3 упай бар жана турнирдик таблицада 5-орунда жайгашкан. Ал эми Израилдин эсебинде 8 упай бар, алар 2-орунда келе жатат.
4-турдун оюндары:
16:00 Кыргызстан — Израил
19:30 Болгария — Исландия
23:00 Кытай Тайбэйи — Жаңы Зеландия