АКИpress - Жер планетадагы калктын саны жер ресурстарына зыян келтирбестен жашай турган деңгээлден ашты. Мындай маалыматтар « Environmental Research Letters» (ERL) журналындагы макалада жазылган.
Окумуштуулардын эсеби боюнча, адамдардын оптималдуу саны 2,5 млрдга жакынды түзөт, ал эми иш жүзүндө калктын саны учурда 8 млрддан ашат. Адистер калктын саны мындан ары да өсө берет деп болжолдошот. XXI кылымдын экинчи жарымында калктын саны 11–12 млрд адамга жетиши мүмкүн.