АКИpress - 10-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен телефон аркылуу сүйлөштү.
ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки жактуу мамилелерди талкуулап, саясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Ошондой эле министрлер эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууга, анын ичинде тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүгө жана 2027-жылы Бишкекте экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө көңүл бурушту.
«Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында жакынкы арада жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди», - деп айтылат маалыматта.