01:07, 11-апрель, 2026

Нурзат Нуртаева Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

На русском
20:38, 10-апрель, 2026 321

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.

Ал 72 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Нуртаева беттешти чейрек финалдан баштап, кореялык спортчуну 10:0 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда  68 кг салмак категориясында 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээсине утулду. Ал эми 10-апрелде коло медаль үчүн болгон беттеште Нуртаева жеңишке жетти.

Бул кыргызстандык спортчулар уткан сегизинчи медаль — 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло.

Беттештер:

Чейрек финал

Нурзат Нуртаева - Субин Ким (Корея) — 10:0

Жарым финал

Нурзат Нуртаева - Цзя Лун (Кытай) — 1:11

Коло медаль үчүн күрөш

Нурзат Нуртаева - Одгерел Эрдене Очир (Моңголия) — 2:0

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»