01:54, 11-апрель, 2026

Кыргызстанда чек арага чектеш аймакта жүрүү тартиби жеңилдетилди

На русском
15:49, 10-апрель, 2026 595

АКИpress - Кыргызстанда чек ара аймактарында жарандардын жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу 10-апрелде Чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, чек ара аймагынын жана чек ара тилкесинин режимин жөнгө салуучу 2016-жылдын 4-апрелдеги №172 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр мамлекеттик чек арага жакын жерлерде чарбалык иш жүргүзгөн жарандар үчүн шарттарды жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары, мал жайып, айыл чарба иштерин жүргүзгөндөр, эми чек ара аймагынын жана чек ара тилкесинин чегинде чек арадан өтүүгө уруксат албай туруп жүрө алышат.

Мында өздүктү тастыктаган документтер, жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн атайын тизме негиз катары каралат. Мындай тизмелердин жарактуулук мөөнөтү 1 календардык жылды түзөт.

Чек ара кызматы жеңилдиктерге карабастан, чек ара аймагында жана чек ара тилкесинде өзгөчө режим күчүндө калаарын, ал эми кирүү, жүрүү жана иштерди аткаруу боюнча башка бардык эрежелерди сактоо милдеттүү бойдон калаарын баса белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»