АКИpress - Орусиянын футзал боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди. Ал Кыргызстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Оюндар 11 жана 13-апрелде Бишкектеги Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде өтөт.
Кыргызстан менен Орусия курама командалары буга чейин да беттешкен.
2023-жылдын мартында өткөн эки оюн орусиялыктардын пайдасына жыйынтыкталган — 6:1 жана 9:0.
Дагы эки беттеш 2024-жылдын декабрь айында өткөн — 3:1 жана 6:2 эсебинде Орусиянын курама командасынын жеңиши менен аяктаган.