18:27, 10-апрель, 2026

Айпери Медет кызы 7 жылдан бери Азия чемпионатынын финалына чыгып келе жатат

На русском
15:50, 10-апрель, 2026 304

АКИpress - Айпери Медет кызы 2026-жылкы Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул мелдеш Бишкекте өтүп жатат.

Кыргызстандык балбан чейрек финалда кытайлык спортчуну жеңди. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлүн утуп, финалга чыкты. Бул финал Медет кызы үчүн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында жетинчи болду.

Кыргызстандык балбан алгачкы жолу чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 2018-жылы Бишкекте күрөшкөн. Ошол жылы Айпери Хиро Минагавадан (Жапония) 1/4 финалда утулуп калган.

Бир жылдан кийин Кытайда өткөн мелдеште Медет кызы жарым финалга чейин жетип, бирок ал жерде да жапониялык спортчуга утулган.

2020-жылы Индияда кыргызстандык балбан үч жолу жеңишке жетип, алгачкы жолу Азия чемпионатынын финалына чыккан. Чечүүчү беттеште аны кайрадан Минагава күтүп турган жана ал кайра жеңишке жеткен. Айпери күмүш байге алган.

2021-жылы Алматыда кыргызстандык балбан кайрадан финалга чыккан, бирок ал жерде Элмира Сыздыковадан (Казакстан) утулуп, кайрадан күмүш медалга ээ болгон.

2022-жылы Моңголияда өткөн Азия чемпионатында Айпери Медет кызы карьерасында алгачкы жолу алтын медалга ээ болгон. Бул ийгиликке жетүү үчүн ал эки ирет Юка Кагамини (Япония) жеңген.

2023-жылы Казакстанда Медет кызы финалда Сыздыковага кайрадан утулуп калган.

2024-жылы Бишкекте кыргызстандык балбан Сыздыковадан реванш алып, Азия чемпионатындагы экинчи алтын медалын жеңген.

2025-жылы Айпери Азия чемпионатынын алтын медалын үчүнчү жолу уткан. 

Бул жылы болсо күмүш тагынды.

Жыйынтыгында жети жыл ичинде Медет кызы 7 медалга ээ болду — 3 алтын жана 4 күмүш.

Айпериден башка кыргыз спортчуларынан эч ким жети жыл катары менен Азия чемпионатынын финалына чыга алган эмес.

Айсулуу Тыныбекова 11 жыл ичинде Азия чемпионатында 9 финалга чыккан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»