17:56, 10-апрель, 2026

Орусиянын футзалчылары Бишкекке келди

На русском
15:10, 10-апрель, 2026 145

АКИpress - Орусиянын футзал боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди. Ал Кыргызстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Оюндар 11 жана 13-апрелде Бишкектеги Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде өтөт.

Кыргызстан менен Орусия курама командалары буга чейин да беттешкен.

2023-жылдын мартында өткөн эки оюн орусиялыктардын пайдасына жыйынтыкталган — 6:1 жана 9:0.

Дагы эки беттеш 2024-жылдын декабрь айында өткөн — 3:1 жана 6:2 эсебинде Орусиянын курама командасынын жеңиши менен аяктаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»