01:53, 11-апрель, 2026

Интернет алдамчылыгына шектелип 20 жашар жигит кармалды

На русском
14:52, 10-апрель, 2026 392

АКИpress - Бишкекте мессенжерлер аркылуу жасалган алдамчылыкка шектүү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2025-жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине А.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, белгисиз адамдар түрдүү телефон номурларын колдонуп, «WhatsApp» мессенжери аркылуу байланышып, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, психологиялык басым көрсөтүү менен финансылык операцияларды жүргүзүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмөлөрдү беришкен. Жыйынтыгында аял акча 1 млн 392 миң сомун кылмышкерлер көрсөткөн эсептерге которгон.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2006-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кошумча далилдерди чогултуу, окуянын бардык жагдайларын тактоо, башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана алардын жүргөн жерин белгилөө боюнча тергөө улантылууда. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»