16:30, 10-апрель, 2026

Чычкан капчыгайындагы дарактарды зыянкеч жеп, алар куурап калган, - Токой кызматы

На русском
14:36, 10-апрель, 2026 350

АКИpress - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматынын жумушчу тобу Токтогул районуна иш сапары менен барып, токойдогу зыянкечтерди аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча окуу иш-чараларын өткөрүштү.

Маалым болгондой, Чычкан капчыгайындагы Бишкек—Ош унаа жолунун боюнда дарактардын куурап жаткандыгы тууралуу маалымат алгач 2016-жылы айыл өкмөттүн аймагынан катталган.

«Бул тилке Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагына тиешелүү. Райондук мамлекеттик администрацияга жана тийиштүү органдарга чара көрүү зарылчылыгы тууралуу бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан, тийиштүү иш-аракеттер жасалган эмес», - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу, жумушчу топ Чычкан капчыгайына барып, куурап жаткан дарактарды жеринде текшерүүдөн өткөрдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында, токой чарбасынын аймагындагы дарактарды кара-коло мурутчан коңуздун жабыркатканы, бул алардын куурап калышына себеп болгону аныкталган.

Токой кызматы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын дарегине Токой кодексинин 81-беренесине ылайык, Токтогул айылына караштуу аймактагы зыянкечтер жабыркаткан дарактарды тез арада кыйып, өрттөө боюнча чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»