23:54, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
21:02, 10-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарына эмне деди?
09:23, 10-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
22:31, 10-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Бишкекте 353 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылды

На русском
14:02, 10-апрель, 2026 1501

АКИpress - Дайынсыз жоголуп, изделип жаткан Санжар Нурлановдун сөөгү табылды.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүмдүн сөөгү текшерилип, алдын ала кароодо денесинде көрүнүктүү жаракаттар табылган эмес. Анын денеси көлмөдө табылган.

Бул факт каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Өспүрүм 4-апрелде жоголгон. Ал кечки саат алтылар чамасында Шабдан баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде анын апасы милицияга арыз менен кайрылган.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»