05:34, 11-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
20:38, 10-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Нурзат Нуртаева Азия чемпионатында 3-орунду ээледи
21:02, 10-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарына эмне деди?

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылды

На русском
14:02, 10-апрель, 2026 1598

АКИpress - Дайынсыз жоголуп, изделип жаткан Санжар Нурлановдун сөөгү табылды.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүмдүн сөөгү текшерилип, алдын ала кароодо денесинде көрүнүктүү жаракаттар табылган эмес. Анын денеси көлмөдө табылган.

Бул факт каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Өспүрүм 4-апрелде жоголгон. Ал кечки саат алтылар чамасында Шабдан баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде анын апасы милицияга арыз менен кайрылган.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»