16:54, 10-апрель, 2026

Президент Оштогу полимер заводуна барды

На русском
13:54, 10-апрель, 2026 352

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүргөн «Эл Пласт» ишканасына барганын Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Негизги керектөөчүлөр болуп «Таза суу» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объекттер, мамлекеттик жана муниципалдык тузүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат.

Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган. 2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылып, 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү.

Мамлекет башчы продукцияны даярдоо процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алды.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»