АКИpress - УКМКнын 3 кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын мекеменин өзү маалымдады.
Маалым болгондой, кызматкерлер тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө акча опузалоо фактысы аныкталып, 9-апрелде мекеменин А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. аттуу учурдагы кызматкерлери кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Ишкерлерге текшерүү жүргүзгөн мамлекеттик органдардын — С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н. аттуу кызматкерлери да кармалып, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экени такталды.