17:50, 10-апрель, 2026

Бишкекте +23 градус — 11-апрелге карата аба ырайы

12:26, 10-апрель, 2026 (Жаңыланды: 12:49, 10-апрель, 2026) 340

АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 11-апрелде Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +3...+8

күндүз +18...+23

Талас облусу

түнкүсүн +2...+7

күндүз +17...+22

Баткен облусу

түнкүсүн +6...+11

күндүз +18...+23

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +7...+12

күндүз +19...+24

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +2...+7

күндүз +13...+18

Нарын облусу

түнкүсүн 0...+5

күндүз +13...+18

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +21…+23° болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»