16:30, 10-апрель, 2026

Түндүк айланма жолдо дагы бир транспорттук түйүн курула баштады

На русском
12:11, 10-апрель, 2026 341

АКИpress - Бишкектин четиндеги түндүк айланма жолунун жана Манас айылына кеткен жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн курулушу башталды.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда тилкеде көпүрө тирөөчтөрү орнотула турган жерди казуу жана бетон куюу иштери жүрүп жатат.

Айланма жолдун 236–244-чакырымдарында жол төшөлмөсүн кеңейтүү иштери уланууда. Ошондой эле, Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишиндеги көпүрөнүн кирүүчү тилкелерине асфальт төшөлүүдө.

Маалыматка ылайык, объектке 250 бирдик атайын техника тартылып, 600гө жакын жумушчу эмгектенип жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»