16:57, 10-апрель, 2026

Жалдагы батирдин 6-кабатынан кулаган кыз эсине келди

На русском
10:46, 10-апрель, 2026 667

АКИpress - 6-кабаттан кулагандан кийин оор абалда жаткан төрт жаштагы кыз комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Анын абалы туруктуу, адистердин көзөмөлүндө дарылоо жана байкоо уланууда.

4-апрелде Жал кичи районунда келин жана анын эки баласы терезеден кулаган. Алган жаракаттарынан улам келин эс-учуна келбей окуя болгон жерде каза болгон. Кийинчерээк ооруканада анын 2025-жылы туулган К.А. аттуу баласы чарчап калган.

Ал эми 2021-жылы туулган Ж.А. аттуу кызы реанимацияга түшкөн. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Мээси чайкалганы, жаагы сынганы, оң далысынын сөөгү сынганы, өпкөсү жана ички органдары жабыркаганы, ошондой эле ооз көңдөйүндөгү жаракаттары аныкталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»