АКИpress - Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында бүгүн, 10-апрелде эркектер арасында эркин күрөш боюнча турнир башталат.
Бул күнү беш салмак категориясында финалисттер аныкталат, Кыргызстандан беш спортчу килемге чыгат.
Беттештер саат 11:30да башталат.
Сетка:
57 кг чейин — Абдумалик Карачов
65 кг чейин — Рустамжан Кахаров
70 кг чейин — Эрназар Акматалиев
79 кг чейин — Жакшылык Байташов
97 кг чейин — Каныбек Абдулхаиров