17:52, 10-апрель, 2026

Израил Ливан менен түз сүйлөшүү баштай турганын билдирди

На русском
09:56, 10-апрель, 2026 290

АКИpress - Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ливан менен сүйлөшүү жакын арада башталарын билдирди, деп жазат «The Times of Israel».

«Министрлер кабинетине жакын арада Ливан менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырдым», - деп айтылат премьер-министрдин билдирүүсүндө.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр «Хезболлах» уюмун куралсыздандырууга жана Израил менен Ливандын ортосунда тынчтык орнотууга багытталат.

«Axios» журналисти Барак Равид израилдик аткаминерге таянып сүйлөшүүлөрдүн башталышы Ливандагы ок атууну токтотуу дегенди билдирбей турганын айтты.

«Reuters» агенттигине ливандык аткаминер билдиргендей, Ливан Израил менен сүйлөшүү үчүн шарт түзүү максатында убактылуу ок атышууну токтотууну сунуштаган.

Израилдик аткаминер «Axios» агенттигине сүйлөшүү Вашингтондогу Мамлекеттик департаментте кийинки аптада болорун тактады. Сүйлөшүүлөргө «Хезболлахтын» катышары белгисиз.

Диалогду баштоо чечими АКШ менен Ирандын ортосундагы эки жумалык тынчтык келишиминин фонунда кабыл алынды. Израил тынчтык келишимине кошулган, бирок ливандык «Хезболлахка» каршы операциясын уланткан. Ирандын «Fars» агенттиги Тегеран Израилге сокку урууну улантууну көздөп жатканын жазган. АКШнын вице-президенти Вэнс Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишиминин шарттарын ар кандай түшүнүшкөнүн билдирди: АКШ келишимге Ливанды кошкон эмес.

«NBC News» Трамптын администрациясынын жогорку даражалуу аткаминерине шилтеме кылып, америкалык президент телефон аркылуу Нетаньяхудан Иран менен тынчтык келишими бузулбашы үчүн Ливанга каршы соккуларды азайтууну суранганын билдирди.

«CNN» да америкалык аткаминерге шилтеме кылып, Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими Трамптын суранычы боюнча кабыл алынганын белгиледи.

Ал ортодо Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ливанга кол салуу улана берсе, АКШ менен Израилге каршылык көрсөтүлөрүн эскертти.

«Reuters» агенттигине жогорку даражалуу ливандык аткаминер билдиргендей, Ливан тарап АКШны Израил менен болгон ар кандай келишимдин ортомчусу жана кепилдиги катары иш алып баруусун каалайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»