16:56, 10-апрель, 2026

Жогорку технологиялар паркынын байкоочу кеңешинин эки мүчөсү алмашты

На русском
09:43, 10-апрель, 2026 133

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 7-апрелинде Жогорку технологиялар паркынын байкоочу кеңешинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.

Буйрукка ылайык, кеңештин курамынан Замирбек Кожомуратов жана Санжарбек Болотов чыгарылды.

Алардын ордуна санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министринин орун басары Элнар Субакожоев, экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов киргизилди.

Жогорку технологиялар паркынын байкоочу кеңешинин курамы

Ибраимов Азат Эмилбекович - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору;
Субакожоев Элнар Турдубекович - санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министринин орун басары;
Туманов Медербек Кубанычбекович - экономика жана коммерция министринин орун басары;
Султанбек уулу Эдилбек - Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (макулдашуу боюнча);
Абдирашитов Кылычбек Абдирашитович - Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (макулдашуу боюнча);
Темирбеков Жанарбек Темирбекович - Жогорку Кеңештин аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Байкулова Ирина Султановна - «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» мекемесинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Ниязов Эрмек Тургунбекович - «NSP» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Муканбетова Ширин Муканбетовна - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»