АКИpress - Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Агенттик Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 31-мартындагы жарлыгы менен түзүлгөн. Ал Министрлер кабинетине караштуу болот.
Жаңы орган Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле аталган министрликтин туризм чөйрөсүндөгү функцияларынын негизинде түзүлгөн.