10:44, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (257 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (136 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
09:03, 10-апрель, 2026 (79 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:54, 9-апрель, 2026 (27 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
10:40, 10-апрель, 2026 (22 адам окуп жатат)
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди. Видео

Кыргызстандын хоккейчилери дүйнө чемпионатында Исландияга утулду

На русском
08:47, 10-апрель, 2026 249

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында катары менен экинчи жолу утулду.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир азыркы учурда София шаарында алты курама команданын катышуусунда өтүүдө.

8-апрелде үчүнчү турдун оюндары болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы тайпанын лидери — Исландия менен ойноп, 3:6 эсебинде утулду.

Буга чейин кыргызстандыктар Болгарияны (5:3) утуп, Кытай Тайбэйине (1:5) утулуп калышкан.

Төртүнчү турдун оюндары 11-апрелде өтөт, Кыргызстандын курама командасы Израил менен ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»