11:59, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (22 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
10:35, 10-апрель, 2026 (12 адам окуп жатат)
Жетекчи болгон Эдуард Кубатов тууралуу эмне белгилүү?
10:40, 10-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди. Видео

Кыргызстандын хоккейчилери дүйнө чемпионатында Исландияга утулду

На русском
08:47, 10-апрель, 2026 267

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында катары менен экинчи жолу утулду.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир азыркы учурда София шаарында алты курама команданын катышуусунда өтүүдө.

8-апрелде үчүнчү турдун оюндары болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы тайпанын лидери — Исландия менен ойноп, 3:6 эсебинде утулду.

Буга чейин кыргызстандыктар Болгарияны (5:3) утуп, Кытай Тайбэйине (1:5) утулуп калышкан.

Төртүнчү турдун оюндары 11-апрелде өтөт, Кыргызстандын курама командасы Израил менен ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»