13:31, 10-апрель, 2026

Бишкекте космонавт Салижан Шариповго саат тапшырылды

На русском
11:35, 10-апрель, 2026 266

АКИpress - 10-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын эки жолку баатыры, Россиянын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы Айбек Жунушалиев космонавттын жетишкендиктери жана бул тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы менен сыймыктанарын белгиледи.

Сиңирген эмгегин таануу иретинде Салижан Шариповго эстелик белек катары Бишкек шаарынын мэриясынын энчилүү кол сааты тапшырылды.

Салижан Шакирович Шарипов алгачкы космостук учуусун 1998-жылдын 23-январынан 31-январына чейин «STS-89» программасы боюнча «Индевор» космос кемесинде учуу адиси катары ишке ашырган. Экинчи учуусу 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин созулган. Ал эл аралык космос станциясынын бортинженери жана Лерой Чиао менен бирге «Союз ТМА-5» транспорттук кемесинин командири болгон. Миссия учурунда ачык космоско эки жолу чыгып, анда жалпысынан 10 саатка жакын убакыт өткөргөн. Анын космосто болгон жалпы убактысы 201 күндү түзөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»