10:40, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (297 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (160 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
09:03, 10-апрель, 2026 (90 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:54, 9-апрель, 2026 (24 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
15:00, 8-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Кыргызстандын хоккейчилери дүйнө чемпионатында Исландияга утулду

На русском
08:47, 10-апрель, 2026 246

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында катары менен экинчи жолу утулду.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир азыркы учурда София шаарында алты курама команданын катышуусунда өтүүдө.

8-апрелде үчүнчү турдун оюндары болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы тайпанын лидери — Исландия менен ойноп, 3:6 эсебинде утулду.

Буга чейин кыргызстандыктар Болгарияны (5:3) утуп, Кытай Тайбэйине (1:5) утулуп калышкан.

Төртүнчү турдун оюндары 11-апрелде өтөт, Кыргызстандын курама командасы Израил менен ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»