01:57, 11-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
21:02, 10-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарына эмне деди?
20:13, 10-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Кыргыздын мал союу жана устукан тартуу салты

Кыргызстандын хоккейчилери дүйнө чемпионатында Исландияга утулду

На русском
08:47, 10-апрель, 2026 363

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында катары менен экинчи жолу утулду.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир азыркы учурда София шаарында алты курама команданын катышуусунда өтүүдө.

8-апрелде үчүнчү турдун оюндары болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы тайпанын лидери — Исландия менен ойноп, 3:6 эсебинде утулду.

Буга чейин кыргызстандыктар Болгарияны (5:3) утуп, Кытай Тайбэйине (1:5) утулуп калышкан.

Төртүнчү турдун оюндары 11-апрелде өтөт, Кыргызстандын курама командасы Израил менен ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»