10:40, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (297 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (160 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
09:03, 10-апрель, 2026 (90 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:54, 9-апрель, 2026 (24 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
15:00, 8-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Орусия менен Украина майрамга карата ок атышууну токтотот

На русском
08:44, 10-апрель, 2026 383

АКИpress - Орусиянын президенти Владимир Путин 11-апрелде саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин Пасха тынчтыгын жарыялады. 

Путин Орусиянын аскерлерине бардык багыттарда согуш аракеттерин токтотууну тапшырды, бирок аскерлер душмандын чагымына, ошондой эле агрессивдүү аракеттерине даяр болушу керек.

«Украина тарап Орусиянын үлгүсүн кайталайт деп эсептейбиз», - деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Пасха майрамында тынчтык жарыялоону Украинанын президенти Владимир Зеленский сунуштаган. 9-апрель күнү кечинде Кремлде Путин акыркы чечимди кабыл ала электигин айтышкан.

Владимир Зеленский дагы Пасхада ок атууну токтоторун билдирди.

«Адамдарга коркунучсуз Пасха жана тынчтыкка чыныгы кадам керек, ал эми Орусияда Пасхадан кийин да сокку урбай калууга мүмкүнчүлүк бар», - деди ал.

Путин 2025-жылы Пасхада бир жарым күнгө согуш аракеттерин токтоторун жарыялаган. Ошол кезде эки тарап бири-бирин келишимди бузууга айыпташкан, бирок эми согуш аракеттеринин интенсивдүүлүгү бир кыйла төмөндөгөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»