10:42, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (271 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (143 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
09:03, 10-апрель, 2026 (83 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:54, 9-апрель, 2026 (26 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
15:00, 8-апрель, 2026 (16 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Документи жок товар жүктөлгөн трак чек арада кармалды

На русском
22:01, 9-апрель, 2026 672

АКИpress - «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунан ири партия менен товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө жол берилген жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Казакстан Республикасынан багыт алган, 1988-жылы туулган А.М.В. аттуу кыргыз жараны башкарган "Volvo Truck" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, тийиштүү товар коштомо документтери жок эл керектөөчү товарлар менен көзөмөл-өткөрмө пунктуна келген», - деп айтылат маалыматта.

Кароо учурунда тиричилик буюмдары, кабель, курулуш шаймандары, кондитердик азыктар, кофе, бут кийимдер жана эл керектөөчү буюмдар табылган.

Жүктүн алдын ала баасы 18,5 миллион сомдон ашат.

Териштирүү үчүн транспорт каражаты, айдоочу жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»