10:11, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (396 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (165 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
09:03, 10-апрель, 2026 (156 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:54, 9-апрель, 2026 (32 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
15:00, 8-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

13:03, 9-апрель, 2026 281

АКИpress - Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүү фактысы үчүн айып пулдардын өлчөмүн (таксаларды) жогорулатылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана браконьерлик менен күрөштү күчөтүүгө багытталган. Жаңы ченемдерге ылайык:

  • тоо текени мыйзамсыз атуу үчүн айып пулдун өлчөмү үч эсеге жогорулап, 300 000 сомду;
  • элик үчүн — 100 000 сомду түзүп;
  • ак жана кара илегилектерге зыян келтиргендиги үчүн 30 000 сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.

Документ айып пулдардын суммасын кайра карап чыгуудан сырткары, каражаттарды бөлүштүрүү механизмин да өркүндөтөт: эми өндүрүлгөн каражаттын бир бөлүгү экологиялык укук бузууларды аныктаган жана аларды тариздөөгө көмөктөшкөн адамдарды материалдык жактан сыйлоого жумшалат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»