10:05, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (423 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
09:03, 10-апрель, 2026 (199 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:32, 8-апрель, 2026 (176 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
11:54, 9-апрель, 2026 (35 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
15:00, 8-апрель, 2026 (18 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

«Ата-Бейиттин» кызматкерлеринин маянасы жол киресине да жетпейт, - депутат

На русском
10:56, 9-апрель, 2026 270

АКИpress - Депутат Болот Сагынаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну сунуштады. Ал бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда аталган жайда сугат масеслеси да бар экенин кошумчалады.

«Мамлекетибиздин эркиндиги үчүн жанын берген батыр ата-бабаларыбызга, бир туугандарыбызга Куран багыштап эскерип келип, андагы бир катар көйгөйдү көтөрүүнү туура көрдүм. Бул жер биздин тарыхыбызда өзгөчө орун алган тарыхый комплекс болуп эсептелет.

Биринчи эле ала турган болсок, ошол жактагы көчөттөрдү сугаруу маселеси каралган эмес. Башкача айтканда суу жок. Экинчиден ошол жакта иштеген кызматкерлердин айлык маянасы бүгүнкү күндө өтө эле төмөн. Башкача айтканда шаардан келип иштеп кеткенге дагы ошол айлык маянасы жетпейт. Кызматкерлердин иштөө бөлмөлөрү, кеңселери каралган эмес», - деген депутат тиешелүү ведомство, министрликтерге көйгөйдү чечүү боюнча тапшырмаларды берүүнү өтүндү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»