00:34, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
21:45, 8-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Улуттук фтизиатрия борборунун директору алмашты
13:37, 7-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду

Балбан Раззак Бейшекеев Азия чемпиону болду

На русском
19:44, 8-апрель, 2026 397

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Раззак Бейшекеев Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 67 кг салмак категориясында ат салышкан.

Алгач кыргызстандык спортчу кореялык балбанды, андан соң жарым финалда ирандык спортчуну эки мүнөттөн аз убакытта жеңген. Финалдык беттеште Бейшекеев жапониялык балбан менен килемге чыгып, жеңишке жетти.

Ал карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болду.

Бул Кыргызстандын курама командасы үчүн турнирдеги төртүнчү алтын медалы болду. Буга чейин Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов чемпион аталышты.

Беттештер:

67 кг чейин

1/4 финал

Раззак Бейшекеев - Ханжае Чунг (Корея) — 5:1

Жарым финал

Раззак Бейшекеев - Ахмадреза Мохсен Нежад (Иран) — 9:0

Финал

Раззак Бейшекеев - Кенцуке Шимицу (Япония) — 8:2

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»