АКИpress - Урматбек Боржиев Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп дайындалды. Ал Абдуллат Кадыровдун ордуна келди.
Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов борбордун жамаатына жаңы директорду тааныштырды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Боржиев медицина илимдеринин кандидаты, саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде жетекчилик кызматтарда тажрыйбасы бар экендигин билдирди. Буга чейин Жалал-Абад кан борборун жетектеген.