02:16, 9-апрель, 2026

АКШ, Израил жана Иран эки жумага элдешти: бул чечим кантип кабыл алынды?

На русском
18:39, 8-апрель, 2026 660

АКИpress - АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп турганда тараптар сүйлөшүүгө барышты.

Маалыматка караганда, Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи согуш башталгандан бери биринчи жолу сүйлөшүүгө катыша турган топко мунасага барууну тапшырган. Буга чейин Дональд Трамп Иранга катуу сокку уруларын айта баштаган. Бирок ошол эле маалда көшөгө артында дипломатиялык аракеттер күчөгөн.

Трамптын айланасындагылар да акыркы чечим кандай болорун ок атышпоону жарыяланганга чейин так билген эмес. Ири чабуул коркунучу күчөгөн учурда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерлери жана Пентагондун өкүлдөрү кырдаалга көз салып турушкан. Аймактагы өнөктөштөр Ирандын жооп чараларына даярданышкан. Ал эми Ирандын ичинде айрым тургундар коопсуз жай издеп, үйлөрүн таштап кетүүгө аракет кылышкан.

Сүйлөшүүлөр чыңалыңкы абалда өткөн. Башында АКШ Иран сунуштаган вариантты кескин сынга алган. Андан кийин Пакистан, Египет жана Түркия сыяктуу ортомчулар жаңы сунуштарды макулдаштырууга аракет кылышкан. Натыйжада эки жумага ок атышпоону токтотуу боюнча жаңыланган сунуш даярдалган.

Маалымат булактарында айтылгандай, Хаменеи дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү процесске түздөн-түз катышып, акырында макулдук берген. Аймактагы булактар бул чечимди бурулуш учур деп баалашууда. Анткени анын колдоосу болбосо, келишим ишке ашмак эмес.

Шейшемби күнү тараптар эки жумалык ок атышпоого жакындап калганы белгилүү болгон. Кийин Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф бул шарттарды жарыялап, эки тарапты тең колдоого чакырган. Ушундан соң Трамп сунушту кабыл алуу чечимин чыгарган. Чечим кабыл алынар алдында Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньягу менен сүйлөшүп, ок атышпоо боюнча кепилдик алган. Андан кийин Пакистандын аскер жетекчилиги менен да байланышып, келишимдин акыркы вариантын тактаган.

Трамптын билдирүүсүнөн 15 мүнөт өткөн соң америкалык аскерлерге согуш аракеттерин токтотуу буйругу берилген. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Тегеран ок атышпоо чечимин күчүндө кармай турганын билдирген.

Ошондой эле Ормуз кысыгы Ирандын куралдуу күчтөрүнүн координациясынын негизинде кемелер үчүн ачылары айтылган. Азырынча негизги суроо: тараптар макулдашууну канчалык так аткарат жана бул жараян туруктуу тынчтыкка алып келеби? деген бойдон калууда.

АКШ менен Ирандын көз караштарында олуттуу айырмачылыктар дагы эле бар. Ошондуктан жаңжалдын кайра күчөп кетүү коркунучу сакталууда. АКШ бийлиги бул макулдашууга Трамптын катуу позициясынан улам жетишилди деп айтууга даярданып жатат. Ал эми Иран муну таптакыр башкача чечмелеши мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»