04:26, 9-апрель, 2026

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы элдешүүнү кубаттады

На русскомНа русском
16:51, 8-апрель, 2026 136

АКИpress - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы элдешүүгө байланыштуу билдирүү жасады. 

«Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин, ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка кызыкдар тараптардын чыңалууну төмөндөтүүгө жана тынчтык диалогун илгерилетүүгө багытталган аракеттерин кубаттайт.

Бардык пикир келишпестиктерди БУУнун уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүттөнөрүн билдирет», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»