00:59, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
21:45, 8-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Улуттук фтизиатрия борборунун директору алмашты
22:03, 8-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
9-апрелде Бишкектин кайсы жеринде жарык өчүрүлөт?

Мэрия Бишкекте жыл сайын ысык суу эмнеге өчүрүлөрүн түшүндүрдү

На русском
16:45, 8-апрель, 2026 220

АКИpress - Бишкектиктер эмне үчүн ысык суу өчүрүлөрүн сурап жатканын 8-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Рысбай Аматов («Эл Үмүтү») комиссиянын жыйынында билдирди.

«Мурда 30 күн болчу, азыр 60 күнбү?» - деп сурады ал.

Мэриянын өкүлү 2024-жылдан баштап 40 күнгө чейин өчүрүлөрүн тактады.

«Башка шаарларда бир нече жылуулук жана ысык суу булактары бар. Мисалы, Алматыда 4 булак бар. Москвада 70тен ашык, бизде бир эле булак бар — Бишкек ЖЭБ. Тармактарды гана оңдоп-түзөө эмес, Бишкек ЖЭБдин жылуулук-механикалык жабдууларынын белгилүү бир бөлүгү толук токтогон учурда гана регламенттик иштерди аткарууга мүмкүн», - деп түшүндүрдү мэриянын өкүлү.

  • Бишкекте 1-апрелден 10-майга чейин профилактикалык жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу өчүрүлдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»