02:43, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
12:40, 8-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Уурулукка шектүүлөр кармалды
22:03, 8-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
9-апрелде Бишкектин кайсы жеринде жарык өчүрүлөт?
15:16, 8-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
«Эркечтамда» чек арачы өзүнө ок атты

Эки баласы менен терезеден кулаган келиндин ата-энеси ИИМге барды

На русскомНа русском
16:43, 8-апрель, 2026 614

АКИpress - Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев балдары менен көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган келиндин ата-энеси менен жолугушту.

4-апрель күнү саат 17:10 чамасында келин эки баласы менен 6-кабаттын терезесинен кулаган. Келин жана анын 2025-жылы туулган кызы окуя болгон жерде каза болушкан. 2021-жылы туулган кыз ооруканада дарыланууда.

Бул факт суицидге жеткирүү беренеси менен каттоого алынды. Шектүү катары маркумдун күйөөсү — 1992-жылы туулган А.М.А. кармалып, СИЗО-1ге киргизилген.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тергөө иш-чаралары тууралуу кенен маалымат берилип, бардык суроолорго түшүндүрмө берилди. 

Маркумдун ата-энеси тергөөгө дооматтары жок экенин билдирип, иликтөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Аталган кылмыш иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө.

Ошондой эле маркумдун жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылып, ашыкча талкуудан жана аза күтүү мезгилинде үй-бүлөнү тынчсыздандыруудан алыс болууну өтүнүштү. 

Ички иштер министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана үй-бүлөнүн жеке жашоого болгон укугун урматтоого чакырат», - дейт ИИМ.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»