АКИpress - Кыргызстанда 2025-жылы эл аралык кызматташуу аркылуу 80 экстрадициялык суроо-талап канааттандырылып, издөөдө жүргөн жарандар өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат.
Жалпысынан чет мамлекеттерге 143 суроо-талап жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында Кыргызстанга 80 адам жеткирилген. Алардын 58и Орусиядан, 17си Казакстандан, калгандары Вьетнам, Өзбекстан, Армения жана Грузиядан алып келинди.