01:00, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
15:00, 8-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды
21:45, 8-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Улуттук фтизиатрия борборунун директору алмашты
22:03, 8-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
9-апрелде Бишкектин кайсы жеринде жарык өчүрүлөт?

Минкаб башчысы Орусиянын вице-премьери Оверчук менен жолугушту

На русском
16:20, 8-апрель, 2026 134

АКИpress - 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.

Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды. Ошондой эле кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды. 

Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»