04:26, 9-апрель, 2026

Бийик тоолуу аймакка жаңы кирген айылдардын тургундарынын пенсиясында көйгөй бар, - депутаттар

10:42, 8-апрель, 2026 300

АКИpress - Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Улукбек Карыбек уулу бийик тоолуу аймактардагы жарандардын пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп кылды.

«2013-жылы кабыл алынган 235-токтом болгон. 2025-жылы өкмөт 692-токтомду дагы алып келип, тизме ошол жерде дагы белгиленген. Жаңы кошулган айылдар, жаңы аталган айылдар ушул токтом менен аныкталган.

Алыскы Чоң-Алай районунан мага көп кайрылып жатышат. Бийик тоолуу аймактардын тизмесине кирген Чулук, Ынтымак, Карашубак — жалпы төрт айылда азыркыга чейин маселе жөнгө салынбай келет. Эки токтом тең бүгүнкү күндө күчүндө болсо, Министрлер кабинети тез аранын ичинде бири-бирине шайкеш келтирип, жарандарыбыздын пенсия алуу укугун жөндөп берсе. Канча деген жарандыг пенсияга чыгуу укугу жөндөн-жөн чектелип жатат.

Бул баш мыйзамдагы 19-беренеде так көрсөтүлгөн. Конституциялык укуктарын чектебей тез аранын ичинде өкмөт бизге белгилеп, аныктап берсин. Бир ай мурда маселени көтөрдүм эле ушул комитеттен. Мөөнөт алышкан, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч бир түшүндүрмө бербей жатат», - деген ал парламенттеги президенттин өкүлүнө тапшырма берип, расмий билдирип коюуну өтүндү.

Депутат Бактыбек Чойбеков Талас районундагы Көпүрө базар, Ак-Коргон айылдарынын тургундары тийиштүү документтерин алып барып социалдык фондго берейин десе, кабыл албай жатышканын кошумчалады.

Ал эми депутат Камила Талиева маселе өткөндө көтөрүлгөнүн айтып, Минкаб дароо реакция кылганын кабарлады.

«Президенттик аппараттан байланышып, 377-токтом мурункудай эле күчүндө калганын айтты. Жумушчу топ түзүп, комитетте кароонун зарылчылыгы жок экендигин айтты. Анан мен бизге ооз эки эмес, официалдуу кат менен кайрылыңыздар дедим. Мына бүгүн-эртең келип түшөт», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»