13:47, 8-апрель, 2026

Трамп Иран менен убактылуу келишим түзүлгөнүн жарыялады

На русском
09:49, 8-апрель, 2026 493

АКИpress - АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын тез арада ачуу шарты менен Иранды бомбалоону эки жумага токтоторун билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагына жазды.

АКШ президенти бул эки тараптуу келишим экенин белгиледи.

«Биз Ирандан 10 пункттан турган сунушту алдык жана аны сүйлөшүү үчүн негиз боло турган долбоор деп эсептейбиз», - деп жазды Трамп.

Иран бийлиги келишимди тастыктады. Тегерандын расмий билдирүүсүндө өлкө чоң жеңишке жетишкени жана  Американы өзүнүн 10 пункттан турган планын кабыл алууга мажбур кылганы айтылат.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз билдирүүсүндө эки жума бою кемелер ирандык аскерлер менен макулдашуу шартында Ормуз кысыгы аркылуу өтө аларын тастыктады. Кийинчерээк Трамп бул билдирүүнүн скриншотун Truth баракчасына жайгаштырды.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Иран менен АКШнын ортосундагы түз сүйлөшүү 10-апрелде Пакистанда башталарын кабарлашты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт АКШ мындай мүмкүнчүлүктү талкуулап жатканын тастыктады, бирок бул боюнча Трамптын расмий билдирүүсүн күтүү керектигин белгиледи.

«The New York Times» басылмасы ирандык үч аткаминерге шилтеме берүү менен Тегеран ок атууну токтотуу сунушун Пакистандын дипломатиялык аракеттеринен жана ийкемдүүлүк көрсөтүүгө чакырган Кытайдын кийлигишүүсүнөн кийин кабыл алганын жазды.

«CNN» телеканалынын булагына таянсак, Израил дагы бул эки жумалык келишимге кошулат.

Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы ок атууну токтотуу келишими токтоосуз күчүнө кирерин билдирди. Дональд Трамптын билдирүүсүнөн кийин Израил менен Бириккен Араб Эмираттары Иран тараптан ракеталар жана дрондор кайрадан учурулганын кабарлашты.

Трамптын билдирүүсү ал Иранга Ормуз кысыгын ачуу үчүн берген мөөнөтү бүтөрүнө эки саат калганда жарыяланды. Буга чейин ал эгер талап аткарылбаса, бир цивилизация жок болорун билдирген.

Трамптын билдирүүсүнөн бир нече саат мурун негизги ортомчу — Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф АКШ президентинен тынчтык келишимине жетүү үчүн дедлайнды эки жумага жылдырууну суранган. Ошол эле учурда Шариф Иранды жакшы ниеттин белгиси катары Ормуз кысыгын ачууга чакырган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»